Башкы бет \ Справкалык-маалыматтык тейлөө бөлүмү

Справкалык-маалыматтык тейлөө бөлүмү

Азыркы учурда бөлүмдүн иши мамлекеттик программаларды Кыргыз Республикасынын илиминин жана экономикасынын приоритеттүү багыттарын анализдөө жана кайра иштеп чыгууда маалымат менен камсыздоого катышуунун ичинде жүргүзүлүп жатат.

 

 

Сиздер биздин дасыккан библиографтарыбыздан маалымат-аналитикалык жардам ала-аласыздар.

Биз сиздердин маалымат алууңуздарга жакшы мүмкүнчүлүк беребиз!

 

Пайдаланып калыңыз!

 

 

**********

 

 

Биз сиздердин билим, илим жана өндүрүштүк  ишиңизде туруктуу жана ишеничтүү өнөктөшүңүз болууга даярбыз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүмдө окурмандарды тез тейлөө үчүн справкалык-маалыматтык кеңири фонд түзүлгөн:

 

           Өлкөнүн экономика комплекси тематикасы боюнча блиц -картотекалар;

 

         «Ченемдик – укук документтери» картотекасы электрондук түрдө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн, он жыл ичиндеги Мыйзамдары, Буйруктары жана Токтомдору);

 

  • Электрондук МБ «ТОКТОМ»;

 

  • «Кыргызстан: экономика жана илим» фонду бөлүнгөн.

 

  • Бөлүмдө Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын диссертацияларынын авторефераттары, ошондой эле илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштеринин рефераттары бар.

 

Мамлекеттик башкаруу, көмүскө экономика жана коррупция, экономикалык интеграция, маркетинг, туризм, менеджмент, экономикалык коопсуздук, кичи жана орто бизнес, иш менен камсыздоо саясаты ж.б. Бардыгы 90 темадан ашык.

 

 

Эгер сиз  рефераттык, курстук дипломдук же диссертациялык иштерди жазууда кыйналсаңыз, бул жерден сизди кызыктырган темалар боюнча адабияттардын тизмесин жана керектүү адабияттарды табасыз.

Убактыңыз жетишпей жатабы же китепканага өзүңүз келе албай калдыңызбы? Бизге телефон чалып, акы төлөө менен маалыматтык тейлөөгө келишим түзүп койсoңуз болот.

Бул бир жолу эле же дайыма тейлөөгө жатат. Биздин кызматкерлер керектүү адабияттарды үйүңүзгө же иштеген жериңизге жеткирип беришет.

2001-жылдан бери бөлүм Кыргыз Республикасынын илим жана экономика боюнча приоритеттүү темаларынын обзордук маалыматтарын жана библиографиялык көрсөткүчтөрүн чыгарат.

Берилген маалыматтар Сиздин ишиңиздин экономика жана илим боюнча бул же тигил суроолоруна жооп бере алат.

Обзордук маалыматтын тематикасын сиз МПТКнын сайтынан таба аласыз.

 

Адрес:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Эркиндик проспекти 58А
Иш убактысы:
Пн-Пт с 9:00 до 18:00
Сб-Вс Выходной