Башкы бет \ Илимий-техникалык адабияттар бөлүмү

Илимий-техникалык адабияттар бөлүмү

Сизге маалымат керекпи?

Биз буга жардам беребиз!

 

         Бөлүмдүн негизги максаты-Сиздердин маалымат-талаптарыңызды сапаттуу жана тез канагаттандыруу.

           

             Биз сунуш кылабыз:

  • 125миң даанага жакын базар экономикасы, табият таануу илимдери, техника өнөр-жай өндүрүшү боюнча китептерди;

 

  • КРнын экономикасы, финансысы жана илимий техникасы боюнча 1600 даана депонирленген кол жазмаларды;

 

  • 2002-жылдан баштап фонд Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын диссертациялары жана биздин өлкөнүн илимий изилдөө иштеринин отчеттору менен толукталып турат;

 

  • экономика, менеджмент, кичи жана орто бизнес, компьютердик маалыматтык, өнөр-жай технологиялары ж.б.боюнча журналдардын 190 аталыштагы түрүн.

 

  • 15 ар түрдүү аталыштагы гезиттерди (Республикалык жана Россиялык);

Сиздердин талабыңыздардын улам жаңыланып турушуна байланыштуу, бөлүм жаңы окуу материалдары жана адабияттар менен комплектиленип турат.

 

Сиздер үчүн тейлөө шарттары:

 

Абонементте - эгерде Сиз китептер жана башка басылмалар менен китепканадан тышкары иштегиңиз келсе;

 

Окуу залында - эгерде Сиздин убактыңыз бар болсо, адабияттар менен иштей аласыз, ошондой эле жаңы түшкөн гезит, журналдар менен таанышсаңыз болот;

 

Китепкана аралык абонементте (КАА)

 

- МПТК фондунда сизди кызыктырган адабият жок болсо, сиз аны КАА системасы боюнча Бишкек шаарынын жана КМШ өлкөлөрүнүн китепканаларынан ала аласыздар. 

 

**********

 

Бүгүнкү күндө биз Сиздерди күтөбүз!

 

Бөлүмдүн адистери Сиздерди өзүнүн окурмандары катары көрүүгө кубанат.

 

 

 

        Эгер сиз ишкананын, фирманын жетекчиси же менеджери болсоңуз биздин бөлүм менен китепканалык- маалыматтык тейлөө  келишимин түзсөңүз болот.

 

Келишим түзүү менен, Сиз жана Сиздин ишкана керектүү маалымат алууда убакытыңызды үнөмдөй аласыз.

 

Биздин бөлүмдүн адистери сиздерге жардам беришет:

 

  • Китепкананын суроо - издөө аппараты жана электрондук каталог боюнча жеткиликтүү кеңештерди беришет;

 

  • Сизди кызыктырган тема ошондой эле дипломдук, курстук, илимий жана башка жумуштар боюнча адабияттарды табууга жардамдашышат;

 

Бөлүмдүн көрсөтүүчү кызматтары:

 

  1. Окуу залынан документтердин бардык түрлөрүн берүү (3 күндөн ашык эмес убакытка);

 

  1. Басылмаларга заказдарды телефон аркылуу алуу;

 

  1. Басылмаларды брондоо;

 

  1. Адабияттардын тематикалык тандоолорун даярдоо;

 

  1.   Курстук жана дипломдук иштерге план түзүү;

 

  1. Келишим боюнча тейлөө;

 

  1. Бишкек шаарынын жана КМШ өлкөлөрүнүн китепканаларынын фондунда болгон басылмаларга  КАА аркылуу МПТКнын окурмандарынан заказдарды алуу;

 

  1. Сиздердин электрондук дарегиңиздерге документтерди электрондук жол менен берүү;
Адрес:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Эркиндик проспекти 58А
Иш убактысы:
Пн-Пт с 9:00 до 18:00
Сб-Вс Выходной