Башкы бет \ Чет элдик адабияттар жана котормолор сектору

Чет элдик адабияттар жана котормолор сектору

Азыркы учурда сектордун мезгилдүү басылмалар фонду Англиядан, АКШдан, Япониядан, Германиядан жана башка чет өлкөлөрүнөн алынган техника, курулуш,транспорт, айыл-чарба, жеңил өнөр-жай, медицина, жана башка тармактары боюнча 55501даананы түзөт.

 

**********

 

      Чет элдик мезгилдүү басылмалар фондун комплектилөөнү сектор республиканын эң ири эки китепканасы менен көзөмөлдөйт. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы жана Улуттук илимдер Академиясынын борбордук илимий китепканасы тарабынан.

 

**********

 

      Сектордо илим жана техника боюнча фонд бар.Техникалык ЖОЖдор үчүн англис, немис жана башка тилдерде сөздүктөр, адабияттар жана окуу китептери бар.

 

**********

 

      Сектор Ebsco, Springerlink маалымат базалары менен иштейт.

 

**********

 

      Сектор окуу залында негизги китепканалык тейлөөнү жүргүзөт.

 

**********

 

  • Сиздердин талабыңыздар боюнча сектор ишканаларга жана уюмдарга тематикалык көргөзмөлөрдү, ачык көрсөтүүлөрдү жана жаңы келген басылмалардын көргөзмөсүн өткөрөт. Сиздердин адистериңиздердин терең үйрөнүүсү үчүн көргөзмөгө коюлган басылмаларды 15 күнгө калтырууга болот.

 

  • Сизди кызыктырган тема боюнча сектордун адистери сиздин талабыңызга адабияттарды даярдап берет.

 

  • Жаңы түшкөн материалдар жөнүндө сектор адистерге телефон аркылуу маалымдайт.

 

  • Окурмандарга заказ берилген журналдардын жана башка материалдардын котормо кызматтары көрсөтүлгөн.

 

  • Сектордун фондунда болгон журналдарга мазмундарынын котормолору тиркелет. Азыркы учурда илим жана техника боюнча библиографиялык баяндоо «Макалалардын мазмунунун картотекасы» 1723гө жакын.

 

  • Бөлүмдүн адистери Кыргыз Республикасынын китепканалары тарабынан алынган чет өлкөлүк басылмалардын жыйынтыкталган көрсөтмөсүн түзүшөт. Көрсөтмөнү пайдалануу менен окурман китепканалар аралык абонементтен фонддо жок журналдарды заказ кылып ала алышат.
  • Англис тилинен орусчага жана кыргызчага которулган өлкөлөрдүн маалымат базасы жүргүзүлөт.

 

  • Азыркы учурда: Азия, Африка, АКШ, Австралия,Австрия, Бразилия, БАЭ, Вьетнам, Нидерланды, Кытай, Кения, Казакстан, Кыргызстан, Сауд Аравиясы, Турция, Жаңы Зеландия, Иран, Уэльс, Швеция, Великобритания, Бельгия, Япония, Дания, Боливия, Испания, Италия, Корея, Франция, Швейцария, Монголия, Германия, өлкөлөрү жана континенттери боюнча орус тилинде жана Африка, Азия, Австралия, Бельгия, Казакстан,    Кения, Италия,  Сауд Аравиясы, Кытай, Нидерланды, Австрия, Бразилия, Турция, АКШ, Франция, Германия, Дания, Корея, Монголия өлкөлөрү боюнча кыргыз тилинде котормолору бар.

 

         Сектор тейлөөнү акы төлөө негизинде да иш жүргүзөт. Булар: адабияттарды үйгө берүү, англис, немец тилдеринен которулган макалалар, түнкү абонемент, тематикалык тандалмалар, англис тилиндеги топиктер.

 

Урматтуу окурмандар!

Биз сиздерди чет элдик адабияттар

жана котормолор секторунда

көрүүгө кубанычтабыз.

 

Адрес:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Эркиндик проспекти 58А
Иш убактысы:
Пн-Пт с 9:00 до 18:00
Сб-Вс Выходной