Башкы бет \ Мамлекеттик патенттик фонду

Мамлекеттик патенттик фонду

          МПТКнын Мамлекеттик патенттик фонду-Кыргыз Республикасындагы бардык өнөр-жай менчигинин объектилери боюнча патенттик документациялар менен адабияттардын  негизги жана эң ири фонду болуп саналат (дүйнөнүн 36 тилинде 17 миллиондон ашык документтер бар), МПТКнын суроо-маалымат фондусунун түзүлүш бөлүгү.

 

МПФ:

  • жарым кылымдан бери (67-жылы түзүлгөн) илимдин, алдын ала патенттик изилдөөнү жүргүзүүнүн астындагы базар экономикасынын структурасынын, анын ичинде ЖОЖдун студенттеринин окуу маалыматтык талабын канагаттандыруу үчүн иштөөдө;
  • 1993-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик боюнча агентствосунун өнөр-жай менчигинин объектисинин экспертизасы үчүн маалымат базасы;

 

МПФнын ичинде:

 

- Кыргызстандын, БДИМУнун, ЕПВдын, ЕАПВдын, Советтер Союзунун, Россиянын, АКШ, Германиянын, Япониянын, Улуу Британиянын, Франциянын, Швейцариянын, Финляндиянын, Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн, патенттерине жана суроолоруна ойлоп табуулардын толук жазмалары;

- дүйнөнүн 40 өлкөсүнүн жана Эл аралык уюмдардын сигналдык маалымат басылмалары:

36 жыл ичиндеги которулган патенттик-маалыматтык басылмалардын жалгыз чогултулган- «Дүйнө өлкөлөрүнүн ойлоп табуулары» Реферативдик журналы;

-патенттик изилдөөнүн түрлөрүн толук жана так өткөрүүгө жардам берүүчү справкалык басылмалар;

-интеллектуалдык менчиктин суроолору боюнча методикалык жана нормативдик -укук адабияттары;

- ойлоп табуулар жана патенттик иш боюнча конюнктуралык- коммерциялык басылмалар, патенттик статистикалар, мезгилдүү басылмалар;

-фондго картотека жана каталог түрүндө, анын ичинде автоматташтырылган режимде маалымат –издөө аппараты (СПА).

* * *

МПФ – хронологиялык тереңдиги патенттин иштөө мөөнөтүнө барабар;

* * *

Фонддун тематикасы-прикладдык жана техника илими боюнча универсалдуу, Эл аралык классификацияга дал келет.

* * *

Алып жүрүүчүлөрдүн түрлөрү - кагаз,

CD-ROM жана DVD-ROM.

 

**********

 

Патенттик адабияттар фондун, Кыргызстандын  улуттук байлыгы аяр урунууга көптөн-көп суранабыз!

 

üЭске тутуңуз!

 

Документти издөөдө эң  башкы библиографиялык элемент-патенттин же талаптын номери жана дагы Эл аралык патенттик классификациянын классификациялык индекси.

 

 

 

 

          МПФнын адистери Сиздерге төмөнкү жардамдарды беришет:

-прикладдык илимдин ар түрдүү жаатындагы бардык жаңы техникалык жетишкендиктер жөнүндө билүүнү;

-ойлоп табууларды пайдаланууда сизден мурда ким жасагандыгы тууралуу маалымат алууга, аны өздөштүрүүдөгү кыйынчылыктарды өзүбүзгө алууну;

-ойлоп табуулардын жарыяланганы, товардык белгилери, өнөр-жай менчигинин башка түрлөрү жөнүндө темалары жана өлкөлөрү боюнча так статистиканы алууну;

-ар башка автордун жана фирманын ойлоп табуучулук активдүүлүгүн, ар түрдүү өлкөлөрдүн аймагында патенттин таасирин байкоону;

-ойлоп табуучулуктун, автордук укуктун деңгээлин колдоодо;

* * *

Кызматтардын түрлөрү:

-стационардан тышкары жана окуу залында басылмалардын бардык түрлөрүн жана маалымат издөө аппаратын колдонуу;

-дүйнөнүн 60 өлкөсүнүн патенттик ведомствосунун маалымат базасын Интернет аркылуу колдонуу;

-фондду, маалымат издөө аппаратын (анын ичинен телефон боюнча), колдонуу,  патенттик маалыматты издөө методикасы боюнча ар кандай кеңештик жардамдар;

-ай сайын жаңы түшкөн патенттик адабияттар менен документациялардын ачык көргөзмөлөрү;

-жылдын ичинде абонементтик жана келишим боюнча тейлөө;

-ар түрдүү максатта патенттик изилдөөнү жүргүзүү;

-тематикалык тандоону, ойлоп табуулардын көргөзмөсүн, интеллектуалдык менчик боюнча адабияттардын көргөзмөлөрүн даярдоо;

-патенттик документтердин иши боюнча тематикалык лекциялар, стажировкалар, экскурсиялар;

-көчүрүү жана сканерлөө;

-патенттик маалыматтарды принтерден чыгаруу, флэш-картага жазуу жана e-mail –боюнча жөнөтүү.

Көрсөтүлүүчү кызматтардын түрү:

 

  • окуу залы (адабияттарды пайдалануу ачык түрдө);
  • абонемент (анын ичинде түнкү жана китепканалар аралык).

 

Патенттик документация бул:

 

  • илимий иштеп чыгуулардын жана өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыгына инструмент;
  • маркетингдик изилдөөнүн негизи;
  • бизнес жаатында чечим кабыл алуунун фактордук ачкычы.

 

Ойлоп табуулардын сүрөттөмөсү бул:

 

  • дүйнөдөгү принципиалдуу жаңы нерсе;
  • башка маалымат булактарынын жаңылыгы жөнүндө эрте кабарлайт;
  • техника жана технология жаатындагы бардык кадамды чагылдырат;
  • субъективдүү жана жалган маалыматтарга жол бербейт;
  • интеллектуалдык менчиктин объектилерин юридикалык жактан коргоо жөнүндө маалымдайт.

 

МПФнын иштөө убактысы:

(МПТКнын патенттик бөлүмү)

Күн сайын 900дон 1800го чейин

Дем алыш күнү-ишемби, жекшемби

Санитардык күн -

ар бир айдын акыркы жумасы

Адрес:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Эркиндик проспекти 58А
Иш убактысы:
Пн-Пт с 9:00 до 18:00
Сб-Вс Выходной