Башкы бет \ Тарыхый маалымат

Тарыхый маалымат

Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын тарыхынан 

       1967 жылдын 1-январында Кыргыз ССРнин  Министирлер Советинин токтомунун негизинде Республикалык илимий-техникалык китепкана 14,5 штаттык бирдик менен уюшулган.

РИТКны негизги максаты - нормативдик-техникалык документтер фондун, илимий-техникалык адабияттар фондун уюштуруу жана комплектилөө болуп саналат.

50 жыл аралыгында китепкана этап-этап менен өз түзүмүн жакшыртып, өсүп, өнүгүп, жеке жана жамааттык түрүндө китепканалык-маалыматтык тейлөөнү өткөрүп келүүдө.

Биринчи этапта китепкана маалыматтык талаптарды изилдеп өнөр-жай илиминин специалистеринин жана өнөр-жай комплексинин эффективдүү колдонууга талаптарын камсыз кылууга аракет жасалды. Азыркы күндө бул – миллиондогон салттуу жана электрондук түрдөгү 40 мамлекеттин патенттик маалыматтары жана эл аралык мекемелердин басылмалары.

ЕРСИФдин негизинде эң алдыңкы ички жана чет өлкөлүк илимий тажрыйбаларды пропагандалоо иш чаралары өткөрүлдү. Ошондуктан тез аранын ичинде чет элдикадабияттар менен журналдар фонду уюштурулду. Республикабыздын  өнөр-жайынын 80ден ашуун тармактарынын өнүгүшү - 1980-жылы өнөр-жай каталогдору бөлүмүнүн ачылышына түрткү болду.

С.О.Макаровдун жетекчилигин астында китепкана өлкөдө биринчилерден болуп эмгек акы төлөө боюнча экинчи, андан кийин биринчи топко өткөн, бул китепканага башка тармактардын жогорку класстагы адистерин – республиканын өндүрүшүнүн алдыңкы тармактарынын программисттерин, системдик техниктерин, котормочуларын, инженерлерин тартууга мүмкүндүк берген.

Сергей Осипович биринчилерден болуп китепканада китепканалык-маалыматтык процесстерди автоматташтыруу бөлүмүн түзгөн, ошол убакта жеңил болбогон автоматташтырылган процесстерди өздөштүрүп, китепканачылардын ичинен биринчи болуп ЭЭМге отуруп иштеген жана буга бөлүм башчыларын үйрөткөн. Ал өткөн кылымдын 80-жылдары алган «Искра-226» ЭЭМдин 4 комплекти китепкананын бөлүмдөрүндө көп жылдар бою кызмат кылган.

Бардык окуяларды жана фактыларды тарых катары кабылдап, көздүн карегиндей сактап, китепкананын өнүгүшүнө жана калыптануусуна чоң түрткү болгондугун баалап, тумар тутуп келебиз.

МПТКнын өнүгүүсүндөгү экинчи этап - Кыргызстандын эгемендүү мамлекеттик статуска жетиши, китепкананын башка имаратка көчүүсү менен шартталат. Жаңы имарат, жаңы бөлүмдөрдүн ачылышы, жаңы шарттарда жаңыча иш алып баруу, жаңы экономикалык мамилелерди куруу китепкананын максаты катары каралды. Бул учурда социалдык жана китепкананын кыйынчылыктарын чечүүдө административдик башкаруудан жана жалпы жамааттан тырышчаактык, өжөрлүк жана профессионалдуулук талап этилди. Чечүүчү күч катары “Кадрлар баарын чечет!” дегендей кадрлар маселеси бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу болуп кала берүүдө.Ошондуктан, китепкананын жетекчилигинин негизги стратегиясы өз ишин мыкты билген адистерди, профессионалдарды чогултуу, мыкты жамаатты түзүү болгон. Бул стратегия жакшы натыйжага алып келди: китепкананын жамааты жаңы экономикалык шарттарда менеджмент, маркетинг, жаңы технологияларды өздөштүрүү, франдайзинг боюнча билимдерин өрчүтүп, ишмердүүлүктүн көптөгөн багыттары менен мамлекеттеги эң алдыңкы китепканалар статусун жоготпой иш алып келди.

  • Техникалык журналдардан алынган макалалардын, китептердин электрондук каталогун түзүү;
  • Окурмандарды тейлөө кызматтарын көбөйтүп, сапаттуу маалымат берүү;
  • Автоматташтыруу иштерин жаңыдан өздөштүрүп жаткан китепканаларга кеңеш берүү, практикалык жардам көрсөтүү;
  • Башка китепканалар менен тыгыз иш алып баруу;
  • Аткарылып жаткан иштин өзгөчөлүгүнө карап, реалдуу керек болгон бөлүмдөрдү ачуу;
  • Китепкана монополдуу түрдө жасап жаткан маалыматтык продукцияларга жаңыдан баа коюу;
  • Ар бир кызматкерге жасап жаткан иштин өзгөчөлүгүнө, жумуштун мүнөзүнө карата кошумча айлык акы төлөп берүү;

Китепкананын өнүгүшүнүн үчүнчү этабы – бул 1998-жылы китепкананын КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчилигинин тутумуна кирип калуусу менен республикалык патенттик фонддун толуктоосуна шарт түзүп берди. КРнын Өкмөтүнүн токтому менен китепканан Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана деп аталып калган.

МПТК КРнын жарандарына китепканалык-маалыматтык тейлөө боюнча ишин улантат. Бүгүнкү күндө китепкананын түзүмү такталып, ар бир кызматкердин нормалык жана техникалык нускамалары иштелип чыккан.

Заман талабына жараша китепкана жаңы программа менен иштөөнү туура көрүп, санарип замандын талабыына жараша ЖОЖдын, лицей жана колледждердин студенттерине, окутуучуларына, 900дөн ашуун ар кандай формадагы мекемелерге, 30 илимий мекемелердин окумуштууларына, мамлекеттик кызматкерлерге китепканалык-маалыматтык тейлөөнү электрондук форматка өткөрүүдө.

МПТКнын жамааты .китепканачылардын .кесибине болгон талапты арттырууга, маалыматтык тартыштыкты жоюу максатында фондду жеткиликтүү материалдар, жаңы маалыматтык технологиялар менен камсыз кылууда, XXI кылымдын кадрларын даярдоодо алдыңкы китепканалар менен биргеликте иш алып баруунун ролу чоң экенин түшүнөт. Ошол себептен, МПТК  Кыргыз Республикасынын Китепканачылардын коомдук бирикмесинин жана Эл аралык “Ыссык-Куль – 2000, 2001, 2002” конференциясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. “Сорос-Кыргызстан” фондунун грантынын негизинде Eilf Direct консорциумуна жана мамлекетибиздин китепканалары үчүн ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгарды.

 

МПТК Эл аралык конференцияларга катышуу үчүн “Крым-96, 98, 2001”, ИФЛА (1996. 1999жж.) Самаркандда, Ташкентте жана Индияда окууга гранттарды алган.

Бүгүнкү күндө биз башка китепканалардын иш тажрыйбалары менен алмашып, замандын жаңы талаптарын карап, санариптик китепканага өтүүдөбүз.

МПТК өзүнүн уникалдуу патенттик жана ченемдик-укуктук документтер фонду, өз ишинин мыкты адистери жана окурмандары менен сыймыктанат.

Адрес:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Эркиндик проспекти 58А
Иш убактысы:
Пн-Пт с 9:00 до 18:00
Сб-Вс Выходной