Башкы бет \ Ченемдик-техникалык документациялар жана өнөр-жай каталогдор бөлүмү

Ченемдик-техникалык документациялар жана өнөр-жай каталогдор бөлүмү

            Эгерде Сиз сапатты бааласаңыз жана ийгиликтүү бизнес адамы болом десеңиз, анда, Сизге 300 миңдин тегерегиндеги техникалык документациялардан, 260 миң өнөр-жай каталогдорунан турган Кыргызстандын бирден-бир жалгыз жана уникалдуу ЧТД фонду жардам берет.

 

**********

 

           Сизди жабдуулар, приборлор, материалдар, өнөр жай буюмдары, продукциянын сапаты жана аны өндүрүү жөнүндөгү маалыматтар кызыктырабы?

 

      Сиздин кызматыңызга: чет элдик фирмалык проспектилер жана техникалык мүнөздөгү өнөр-жай каталогдору, конструктивдүү айырмачылыктын кыскача сүрөттөмөлөрү, улуттук стандарттар (КМС), техникалык шарттар (ТУ), тармактык стандарттар (ОСТ), мамлекет аралык жана россиялык стандарттар (ГОСТ), (ГОСТ Р), санитардык нормалар жана эрежелер (СНиП), бардык өнөр-жай тармактары боюнча башкаруу документтер көрсөткүчтөр, жолдомолор жана жоболор.

 

 

 

 

 

 

 

        Сизге тезинен жетиштүү маалымат керек болсо, бирок убактыңыз өтө тар болуп, биздин бөлүмгө келе албасаңыз, Бизге 62-59-01 номерине телефон чалыңыз, сизге жардам беришет.

 

      Сиздер Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы бар болгон жана кыймылдагы техникалык документтер жөнүндө маалымат ала аласыздар.

 

Нак документтин

көчүрмөсүн жасагыңыз келеби?

Эч кандай кыйынчылык жок!

 

       Саналуу убакта Сизге микропленкадан жана барактан көчүрмөсүн чыгарып бере алат.

 

Сиздин карамагыңызда:

 

  • өзгөртүлгөн жана түзөтүлгөн ГОСТордун маалымат базасы.

 

 

**********

 

Бизге келиңиздер,

биз ар дайым жардам бергенге кубанычтабыз!

 

 

 

 

 

 

Биздин кызматтар:

 

      Окуу залында 9.00 дон 18.00 го чейин окурмандарды ЧТД жана өнөр-жай каталогдорунун түрлөрү менен китепканалык тейлөө (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары);

         Документтерди издөө ыкмаларынын суроолору боюнча кеңеш берүү;

       Суроо-талап боюнча тандалган документтерди көчүрмөгө даярдоо;

        ГОСТтордун өзгөртүүлөрү менен түзөтүүлөрүнүн маалымат базасын берүү;

         Микропленкадан документтерди, басылмалардан сканерлөө жана кагазга чыгаруу;

          Окурмандын дискетасына маалыматтарды түшүрүү;

          Аз форматту документтерди факс, е-mail боюнча жөнөтүү;

          Маалыматтык тейлөөгө келишимдерди түзүү.

       

   

Адрес:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Эркиндик проспекти 58А
Иш убактысы:
Пн-Пт с 9:00 до 18:00
Сб-Вс Выходной